Сүйүнчү – ЖЫЛДЫЗДАРДА!

Эриктирбес  эрмек  керек болчу бул күндөрү жайдары радиоңуз, “Сүйүнчү- ЖЫЛДЫЗДАРДА”  аталышындагы инстаграм долбоорун тартуулайт.  Өлкөбүздө жылдызы жанган атактуулардын колуна Сүйүнчү радиосунун инстаграм аккаунту бир күнгө тапшырылат. Ал убакыт ичинде кызыктуу пост, пайдалуу стористтер жана катталуучулар менен түз эфирлер уюштурулат.

Долбоордун а деп баштоочусу кыргыз эстрадасынын сүймөнчүктүү ырчысы Толгонай Арзыкеева 9 – апрель күнү колго алат. Кезекте дагы Сайкал Садыбакасова, Нурсат Садыров, Данияр Эрматов сындуу эл сүйгөн белгилүүлөр бар. Андыктан биздин баракчага баам салып, кимдин кандай алып барганына өзүңүз баа бериңиз.

Сүйүнчү менен үйдө болуп, жайдары жашаңыз.