Сүйүнчү! Ырчы Бегимай Бекбоева уулдуу болду!

Ырчы Бегимай Бекбоева кечээ 22-мартта уулун жарык дүйнөгө алып келди. Бишкектин төрөтканаларынын биринде  операция жолу менен көз жарган. Белгилей кетсек ырчы акыркы жылдары ден соолугуна байланыштуу сахнадан алыстап кеткен. Ал эми өткөн жылы Баткенге келин болгонун кабарлаган. Бегимай Бекбоевага бекем ден соолук, ымыркайга бактылуу балалык каалайбыз.

Наристелер көп төрөлүп, ар бир үйдө Сүйүнчү жаңырсын!