Сүйүнчү! Ырчы Азиз Батыров уулдуу болду

Сүйүнчү! Ырчы, дастанчы Азиз Батыров уулдуу болду. Бул тууралуу ырчы өздүк интернет баракчасына сүйүнчүлөдү. Жубайы ымыркайды Ош шаарындагы төрөтканалардын биринде жарык дүйнөгө алып келген. Ырчынын айтымында эне баланын абалы абдан жакшы. Наристенин ысымын эл-жерибизде ынтымак болсун деп “Ынтымак” деп койгон. Ымыркайдын бешик боосу бекем , ден соолугу чың болсун!

Калкыбызда наристелер көп төрөлүп, Сүйүнчү гана жаңырып турсун!