Сүйүнчү! Ырчы Асель Кадырбекова ооруканадан чыкты

26-июнда  автокырсыктан жабыр тарткан Асель Кадырбекованын ооруканадан үйүнө чыккандыгы маалым болду. Ырчынын учурдагы абалы тууралуу Травматология жана ортопедия изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков : “Абалы кыйла жакшырды. 10 күн мурда үйүнө чыгарылган. Азыр үйүндө дарылануусун улантып жатат” деп билдирди.

Калктын сүймөнчүктүү эмгекчил ырчы кызына бекем ден соолук, узак өмүр тилейбиз.

Мына ушундай кубанычтуу кабарлар көп болуп, Ала Тоо арасында Сүйүнчү гана жаңырсын!