Сүйүнчү! Самат Эркинбеков уулдуу болду

Сүйүнчү! Бүгүн 29-октябрда актёр, алып баруучу, вайнер Самат Эркинбеков уулдуу болду. Биз ага байланышканыбызда кубанычы койнуна батпай турганын айтты.

“Уулумду көрүп алып, көзүмө жаш айланып жатат. Мага окшош экен. Ысым азырынча тандай элекпиз. Келинчегим Чолпондун абалы жакшы” – дейт.

Белгилей кетсек, Самат Эркинбеков жубайы Чолпон менен 2015-жылы баш кошушкан.

Ымыркайдын боосу бекем болуп, элибизде Сүйүнчү гана жаңырып турсун!