Сүйүнчү радиосунун жайдары командасы жаңы сезонго даяр!

Кыргыздын той-майрамга көп күндөрүн камтыган алдыда – КҮЗ! Ал эми жайдары радиоңуз Сүйүнчүдө – ЖАҢЫ СЕЗОН!

Ар таңда маанайыңызды көтөрүп сизди ойгото турчу “Боорсок шоу” программасы жаңылануу менен кайрадан эфирге кайтып келет. Угармандардын сүйүктүү ди-джейлери Бүбү жана Тилек кызыктуу рубрика, бүйүр кызыткан оюндар жана белектерди сиздер үчүн  камдады.

Ал эми күн сайын кечинде жылдыздуу  конок, кызыктуу маек, жандуу аткаруу менен коштолгон “Бүгүн кечинде” шоу программасы дагы жаңылануу менен дүйшөмбүдө эфирге чыгат. Алып баруучусу Нурайым Сыдыкова жана иш күндөрү кечки саат 18:00до сизди үйүңүзгө чейин узатып бара турчу программа менен ар кечиңиз кызыктуу өтөт.

Мындан сырткары дагы угармандар үчүн камдалган кызыктар тууралуу маалымдайбыз. Жайдары толкунду жана suiunchu.kg сайтынын жаңылыктар бөлүмүн акмалап туруңуз.