Сүйүнчү! Кыргызстанга жеңиш жакындады!

 

Кыргыздын дагы бир сыймыктуу кызы Айпери Медет кызы жеңишке жетишти. Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы чейрек финалда атаандашын жеңип, жарым финалга чыкты. Ал  76кг салмакта канадалык Гресилин Дуган менен беттешип, күрөштүн биринчи бөлүгүндө атаандашын 10:0 эсебинде уткан. Ал эми жарым финалда япониялык балбан кыз Юка Кагами менен күч сынашат. Мекендешибизди ар тараптан колдоп, чемпиондукту багындырышын каалайбыз!