Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт!

“Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт!” мына ушундай аталыш менен дагы бир кыргыз комедиясы тартылып жатат. Бул тасмада кыргыз шоу бизнесинин каймактары роль ойношот. Гүлшайыр Садыбакасова баштаган Юрий Бобков, Расул Маматкулов, Динара Акулова, Алтынай Нарбаева, Борончу Кудайбергенов, Гүлнара Тойгонбаева, Райхан Абдубалиева  жана башка аттуу – баштуу сахна адамдарын аталган кинодон көрө аласыздар. Учурда тартуу иштери менен монтаждоо кошо жүрүп жаткан бул кинокомедия 4-декабрдан тартып Кыргызстандын бардык кинотеатрларынан көрсөтүлүп баштайт.