Мындан 125 жыл мурун 7-майда орус физиги жана электортехник Александр Попов дүйнө коомчулугуна радиону тартуулаган. Мына ошол күндөн баштап 7-май-радио күнү катары белгиленип келет.

7-май – Кыргызстандын байланыш тармагынын жана радио кызматкерлеринин адистик күнү. Бул майрамдын тарыхы 19-кылымдан башталат. 1895-жылдын 7-майында биринчи радиоприемник дүйнө коомчулугуна жарыя кылынат.  Алгач радиостанциялар маалымат каражаты катары колдонулуп келген.

Өткөн кылымдын 20-жылдарынан тарта радио дүйнөлүк байланыш кызматында эң негизги маалымат булагы болуп калды. Ал эми Кыргызстанда эң биринчи радио берүү 1931-жылы обого чыккан. Бүгүнкү күндө өлкөдө жыйырмадан ашуун радио кызмат кылууда. Анын ичинде Сүйүнчү радиосу Кыргызстанда эң алгачкы той форматындагы радио катары 2019 – жылдын 5 – августунда обого чыкты.

Майрамыңыздар менен!