Назира Жетигенова; “СҮЙҮҮ ТАПТЫМ, СҮЙҮНЧҮ!”

Куудул жана алып баруучу Назира Жетигенова жакында турмушка чыгарын айтып, жашоосундагы сүйүнүчтүү жаңылдыктары менен бөлүштү: 

– Сүйүнүчтүү кабарларым бар. Чыгармачылыктагы жаңылыгым, белгилүү  телеканалдардын биринде “Назира шоу” деп аталган көңүл ачуучу программамды ачтым. Азыр ошол жакта иштеп жатам.  Ал эми жеке жашоомо  сүйүү келди. Өз сүйүктүүмө жолуктум, жакында турмушка чыгам. Бул тууралуу биринчилерден болуп сиздерге айтып жатам. Кудайым буйруса, мени түшүнгөн, көптөн бери издеген адамымды кезиктирдим. Буга чейин “Качан турмушка чыгасың?” деген суроого эки кызымды турмушка узатып анан өзүм кетем дечү элем. Ошол сөзүм ишке ашып, кезек мага келди окшойт (күлүп).

Назира айымга, бактылуу турмуш, бекем ден соолук каалайбыз!