Музыканын пайдасы

Музыкатерапия же жан дүйнөнү дарылоо

Ар түрдүү музыка адамдын психикасына, ден соолугуна кандай таасирин тийгизерин бардыгыбыз эле биле бербейбиз. Азыркы заманбап музыкалык технология, анын ичинде музыкатерапия, дегеле музыкалык искусство адамдын аң-сезимин, жөндөмдүүлүгүн өстүрүүгө, эмоционалдык жактан жардам берет да, ошондой эле кээ бир музыкалар адамдын психикасын бузуп, ден соолугуна зыян келтирерин окумуштуулар изилдеп чыгышкан. Анда музыкатерапия жөнүндө бир ооз сөз.

Музыканын дарылык касиети

Музыка – сооротуу, тынчтандыруу, басылтуу менен дарылануу үчүн, ошондой эле чарчаган кезде аны менен күрөшүүгө, жумуш кылардын алдында сергектик багыт берүүгө, кандайдыр бир тыныгуу убагында жакшы эс алууга жардам берет. Инсандын иммунитетин көтөрүүгө, денедеги заттардын алмашуусун жакшыртууга жана оорунун алгачкы пайда болуу процессин төмөндөтүүгө музыканын жардам берери илимий жактан далилденген. Адамды дарылоодо музыканын эффективдүү күчү бар экендигин да байыркы заманда эле айтып, жада калса өз турмуштарында да колдонуп келишкен. Адамдын организмине музыканын тийгизген таасири жана дарылык касиети жөнүндөгү алгачкы илимий божомолдорду Пифагор айткан.

Музыканын пайдасы

Музыкада жазылган мелодияларда адамды дүүлүктүрүүгө түртүп туруучу касиети бар экендигин аныкташкан. Мындай акыбалда согушууга же урушууга психологиялык жактан даяр болуп, тайманбастык акыбалга келерин да айтышкан. 1917- жылга чейин орус илимпоздору музыканын адамга пайдалуу жана жакшы таасир калтыруучу касиеттерин колдоп келишкен. Музыканын жардамы менен адамдын дем алуу органдарынын иш-аракеттерин жана нерв системасынын тең салмактуулугун орнотсо болот дешкен. Ошондой эле чарчоону жоюуга же шамдагайлыкты, сергектикти жогорулатууга, туура эмес жана ашыкча кыймылдарды жөнгө салууга жана өтө эле толкунданган темпераментти басаңдатууга музыканын жардамы аябагандай зор экендигин белгилүү психолог, физиолог жана таланттуу дарыгер В.М Бехтерев тастыктаган. Кийинчерээк мугалимдердин музыкатерапияга болгон кызыгуусу өсүп жаткандыгы да байкалган.

Ырдоо – организм үчүн жакшы массаж

Ырдоо процесси организмге керектүү болгон күчтү стимулдаштырат. Ырдап жатканда үндүн термелүүчү кыймылы (вибрато) организм үчүн абдан жакшы вибромассаж болуп эсептелинет. Ошондуктан, ырчылар үн аппараттары туура коюлгандыктан, бир канча саат чарчабай ырдашат. Ырдап жатканда чарчап калбашы үчүн эки ийинди бош кармап, башты жогору көтөрүп, өзүңдү жеңүүчү катары сезүү менен бир аз добуш менен ырдоо пайдалуу. Мында адамдын баш мээси, организмдин баардык системасы өсүп-өнүгүп, ийгиликтүү иштөөсү үчүн жардамын бере баштайт.