Мелис Абдрашитов деген ысым эсиңиздеби?

2006-жылдан тартып өзгөчө стили менен кыргыз эстрадасында Мелис Абдрашитов деген ысым пайда болду эле. Башкалардан айырмаланып анда-санда ыр жаратып, клип тарттырса да эл көңүлүнө тез алынды. “Кара тору”, “Жүрөгүмдөн” аттуу ырлары күйөрмандын купулуна толуп, хит ырлардын катарын толуктаган эле. Акыркы учурларда бул ырчынын сахна үстүнөн дээрлик көрбөй калдык. Анын себебин ырчы мындай дейт: “Көрүнбөй кеткенимдин себеби, жөн гана чыгармачылыктан тыныгуу алууну чечтим. Учурда жеке ишкерлик менен алектенип жүрөм. Келечекте кайрадан ырчылыкка кайтуу планы оюмда бар. Азыр бирин-экин ыр жаздырып жатам. Убакыт-сааты келгенде элиме тартуулайм”. Белгилей кетсек Мелис Абдрашитов 2007-жылы жыйырма жашында жубайы Мээримге баш кошкон. Он эки жылдан бери бактылуу түтүн булатып жаткан үй бүлөнүн учурда эки кыз, бир уулу бар. Ырчынын үй бүлөсүнө бакыт, чыгармачылык өсүш каалайбыз.