Кыргыз эстрадасына дагы бир кош жылдыз кошулду

Кымындайынан сахнада жүргөн ырчы, таланттуу үй бүлөнүн уулу Мажит Абдрашитов эсиңиздеби? Бардык ийгиликке жаштайынан жетишкен ырчы, жашынан үй бүлө куруп, азыр эки баланын атасы болду. Ал эми келинчеги Берметти да сахнага чыгарганы тууралуу бизге берген маегинде төмөндөгүлөрдү айтты:

         “Негизи келинчегимди сахнага чыгаруу сөзү анын колун сураганда эле айтылган. Ошол берген сөзүмдү аткарайын деп чечтим. Анын үстүнө балдарыбыз да торолуп, өз алдынча болуп калышты. Баш кошконубузга билинбей беш жыл өтүптүр, ошол беш жыл мурнку убада эми аткарылып жатат. Алгачкы дуетибиз жаралып, клип дагы тартылды. Эми акырындап элге тартуулоо алдында турабыз”.

Жаш үй-бүлөгө чыгармачылык өсүш жана бакыт каалайбыз!

Калкыбызда үлгүлүү үй бүлөлөр көп куралып, Сүйүнчү гана жаңырып турсун!