Кремлде концерт аншлаг менен өттү

Кыргыздын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын обондору Кремлде жаңырды. Кечээ 23-октябрда үч ай бою даярдык көрүлгөн көптөн күткөн кыргыз ырчысынын концертине чет жердеги күйөрмандар күбө болушту. Алты миң орундуу сарайдын дээрлик бардык орундуктарында көрүүчүлөр болуп, ырчыны жан дили менен коштоп отурушту. Кадырлуу конок катары Россиянын Думасынын жана Жогорку Кеңештин депуттатары барышты. Концерттин алкагында Самара Каримова орус, италия, казак жана кытай тилиндеги ырларды аткарып, белгилүү француз  ырчысы Ingrid менен дует ырдады. Концертке барган күйөрмандар ырчыга ыраазычылыктарын билдирип социалдык баракчаларга жарыялап жатышат.