Кремль сарайында өтө турган алгачкы кыргыз ырчысынын концертине 4 күн калды

Кыргыз эстрадасында жаш болсо да албан ийгиликтерди багындырып, талыкпаган эмгегинин аркасынан «Эмгек сиңирген артист» наамына эрте жеткен ырчы Самара Камирова мындан 3 ай мурун Москвадагы мамлекеттик Кремль сарайына жеке концертин өткөрөрүн жарыялаган эле. Бул аралыкта кызуу даярдыкты көргөн ырчынын концертине төрт гана күн калды. Концертте шоу балет, чоң эстрадалык симфония коштоп, бүткүл дүйнөгө белгилүү атактуу жылдыз In Grid менен биргеликте дует аткарары белгилүү болду. Белгилей кетсек Самара Каримованын бул Кремлде өткөн жеке концерти кыргыз ырчыларынан эң алгачкысы болот. Ырчынын өздүк баракчасына жарыялангандай билет баасы 800-10000 рублга чейин. Акыркы учурда чет элдик ырларга басым жасап жаткан ырчынын бул чет мамлекетте откон экинчи концерти. Алсак, 25-июнда Ташкент шаарында да Самара Каримованын жеке концерти откон. Кыргыздын атын башка өлкөлөргө таанытып, таланты менен элге жаккан ырчыга чыгармачылык эргүү жана ийгилик каалайбыз.