Кадимки “кумду” сүйүүнүн символу деп эсептеген Мароккого баргыңыз келеби? Анда кенен маалымат алыңыз…

Саякатоого эң ылайыктуу деп эсептелген топ-10 рейтингине кирген, бүгүнкү биз радиосаякат кыла турчу өлкө – Марокко.

Саякатка баруу үчүн 90 күндүк визасыз эс алуу мүмкүнчүлүгү бар. Болгону чет өлкө чыгуучу паспортуңузду камдап, миграциондук кагазыңызды толтуруп, эң негизгиси чөнтөккө акчаны толтуруп, жакшы маанай менен жолго чыгыңыз.

Суктанткан Араб жана Африка экзотикасы эң бир сонун пляждары, учу-кыйры көрүнбөгөн Сахара чөлүнүн көрүнүшү өзүнө тартып тургандыктан, бул жерди жарык, түстүү, сыйкырдуу жер деп атап коюшат.Бир эле учурда Африканын, Арабдардын жана Европанын маданиятын көрө аласыз. Ким экзотика коларитин жана сапаттуу тейлөөнү өзгөчө жактырса, анда Маракко сизге эң туура келет. Бул жактан деңизди, чөлдү, тарыхый жайларды жана заманбап архитектурадагы курулган шаарларын дагы көрө аласыз. Пальмалар, жылтыраган таптаза кумдуу пляждар, кызыктуу түстүү кылып турат.Тарыхы бай, маданияты , салт-санаасы да түстүү тешет. Ага мисал; үлпөт тойдо, бир кечте келин 4-7 ге чейин  үлпөт көйнөк которуп кийет. Ал эми тарыхый кооз табийгаты белгилүү кинорежиссёрлорун дагы кызыктырбай койгон эмес. Сиз көрүп жүргөн «Гладиатор»,  “Миссия Клеопатра»,  “Александр” тасмалары дал ушул Мараккодо тартылган.

Акча бирдиги “дирхам”. Баса, барганда эле ачаны дал ушул жергиликтүү валютага которуп алыш керек болот. Себеби, өздүк валюта менен гана соода кылышат. Чоң базарлары бар, эли соодага өтө жакын. Эң белгилүү улуттук тамагы, “кус-кус”. Жергиликтүү тургундар кус-кусту  жума куну жешет. Себеби, жума күн аларда эс алуу. Жана көк чайды өтө сүйүп, танбай, түрүн ичишет.Чайга чакырса баш тартпаңыз, бул алардын чоң сыйы.
“Джеляба” деп аталган улуттук кийимин аялдар да,  эркектер дагы бирдей кийишет. Бири – бириникинен эч айырмаланбайт. Дагы бир кызыктуусу, Мароккодо сүйүүнүн символу жүрөк эмес, кум деп эсептешет. Кумду алар ыйык, баалуу көрүшөт. Көк шуру деп аталган Шефшауэн  шаарын туристтерди өтө кызыктырат. Бул жакта үйлөрдүн, имараттардын бардыгы бир гана көк түскө боёлгон. Көк түс жакшылыктын, тынчыктын жышааны деп эсептешет.  Климаты өтө кургак жайкысын +35, кышкысын +15 градус жылуу болот. Барган эс алуучулар өздөрүн толук түрдө эркин, коопсуз сезсе болот. Анткени Марокко бирден-бир коопсуз жер. Эли туристерге өтө меймандостук менен астейдил мамиле кылышат.

Ал эми биздин каалаганыбыз баарыбыз ден-соолукта, жай турмушта, кызыктуу саякаттарга чыгып туралы.