Энелер күнүнө – Эне жүрөгү чыгармасы

17-май Энелер күнүнүн урматына Сүйүнчү радиосунда “Менин апам” программасы жайдары толкундан орун алды. Биринчи коногубуз ырчы, продюсер, теле алып баруучу жана үч кыздын энеси Анжелика Кайратова менен тун кызы Айыма болду. Эфир алкагында “апа” статусуна ээ болгондогу өзгөчө сезимдери менен бөлүштү. Андан тышкары кыш айларынан бери жаздырып, клип тартылып даярдалган “Эне жүрөгү” ырынын презентациясы болду. Эске салсак, чыгарма мындан 15 жыл мурун белгилүү ырчы Роза Адилханова менен Раллиянын аткаруусунда жарык көргөн. Ага тартылган клип дагы өзгөчө болгон. Дегенибиз, атайын актёрлор эмес чыныгы жашоодогу мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын өстүрүп келген энелер тартылган.

Клипти көрүү үчүн suiunchu.kg сайтындагы “Клиптер” бөлүмүнө кириңиз. Ал эми ырды көчүрүп алуу үчүн Сүйүнчү FM телеграм каналына катталыңыз.