Чакан, кооз жана үлгүлүү өлкө катары таанылган Сингапурга саякат жасайбыз. Ал жакка баруу үчүн кандай шарттар керек? Кененирээк…

Дайыма көпчүлүктүн кызыгуусун арттырып келген, Азия аймагындагы Сингапур өлкөсүнө биз кызыгып радиосаякатка чыгууну туура көрдүк. Келиңиз анда бирге саякатты баштайбыз.
Сингапур – чакан, кооз жана үлгүлүү өлкө катары таанымал. Туристтер үчүн бирден – бир кызыктуу , саякаттоого ылайыктуу жай. “Синг”- арстан, “пур”- шаар дегенди түшүндүрөт. Өлкө жана борбор шаары да бир эле – Сингапур . Калкыны саны туура Кыргызстандыкы менен бирдей алты миллиондон ашат. Жеринин көбү чоң жана кичи аралдырдан турат. Анын ар бири өтө кооз, туристтик зоналар. Дагы бир визиттик карточкасы 55 кабаттан турган беш жылдыздуу отелдери. Техологиясы жакшы өнүккөндүктөн баскычтардан башыңыз айланат. Баса, эрежени бузгандан сак болуңуз. Камеранын көптүгү ар бир кыймылыңызды көзөмөлгө алат жана олчойгон айып пулга жыгат. Чектөө көп коюлган, мыйзам катуу иштеген өлкө. Көчөдө сагыз чайнаганга, семичке чакканга жана алкоголдук ичимдиктерди ичкенге болбойт. Мыйзамага баш ийген турист болсоңуз анда эч камсанабай эс аласыз.
Элинин ден-соолугу чың келишет. Бул туура жана пайдалуу тамактануунун натыйжасы дешет. Биз үчүн даамсыз тамактар болгону менен чынында эле пайдалуу. Улуту тили “Малай”, андан сырткары төрт расмий тили бар жана анлис тилинде көпчүлүгү эркин сүйлөшөт.
Барган туристтер Джунгли аралына, чоң шаркыратмаларды, лазер шоуну жана кечки гонкалардын жарышын кызыгып көрүшөт. Сингапурга баруу үчүн виза ачтырууга туура келет. Виза бир жарым айда даяр болот. Бишкектен, Түркия аба каттамы аркылуу Сингапурга уча аласыз.