ЖАЙДАРЫ ЖАША!

Үлпөт той үчүн өзгөчө чакыруу барагын кантип даярдаса болот?

       Жакын арада үйлөнүү тойду пландап жүргөн замандашым болсоңуз бүгүнкү рубрика дал сиз үчүн арналат. Адатта үйлөнүү тойдун камылгасы чакыруу баракчасынан башталат эмеспи. Ошол жөпжөнөкөй эки барак кагаздын эле шаан – шөкөтү көп экенин башынан өткөндөр билсе керек. Канчалык кооз болсо да элдин көңүлүн анчалык бурдурбаганы да бар.…

А бул күндөргө тойду белгилеген той ээлери кантип жатат дейсиз?

          Элибизде “Таш жааса той уланат” деген сөздүн аныгына дагы бир жолу ынанып жатам, достор. Өлкөбүздө болуп жаткан кырдаалдан улам той-мааракелердин өтүшүнө тыюу салганы баарыбызга маалым. Ушул убактарда баш кошууну паландап жүргөн жаштар, тоюуна камылганы көрүп эл чакырып койгон той ээлери кантип жатат деген ой сизде…

Коноктор тамшанып ичкен тойдогу улуттук суусундуктар

          Кан – жаныбыз кыргыз болгон үчүнбү айтор жаратылышыбздан ар бирибиз улуттук суусундуктарга жакын болобуз. А бирок коомдун өнүгүшүнө карай алардын түркүн-түстүүсү чыгып, баягы биз сүйүп иче турган жарма, куурума чай, максым сындуу суусундуктар унутта калып бараткансыйт. Дал ушул пайдалуу, табигый азыктардан жасалган суусундуктар эми кыргыз…

Эми той өткөрүүгө тойкананын кереги жок…

     Өнүккөн заманга жараша адамзат  бири-бирин таң калтыруу менен алек. Сапаты эмес  саны менен өсүп жаткан кыргыз тойлорунун эсте калчу учурлары чанда гана кездешет. Эгер кайсы бир күнү сизге тойго чакыруу барагы келип бирок дарегинде “Ачык асман алдында” деп жазылса, буга таң бербеңиз, сүйүктүү угарман. Анткени тойду өзгөчөлөнтүү боюнча…

Тойго келген наристелерди алаксытуунун жолу бар…

Абалтан жакшылыкты жар салып, сүйүнүчү үчүн эл чогултуп келген калкыбыз той өткөрүү боюнча алдыга эч кимди салдырбаса керек. Бир күндө эле өлкөбүздө жүздөгөн тойлор өтөт. Алардын ону өзгөчө болсо да токсону коёндой окшош. Эгер, мааракеңиз келген меймандардын эсинде кала тургандай болушун кааласаңыз Тойчумандын маалыматтары сиз үчүн. “Ии тиги мугалим акемдин…

Ыңгайлуулукпу же ысырапкорчулукпу? Беш бармак тартуунун жаңы ыкмасы

  Ар бир күнү той менен өткөн ала тоолук элибиздин жакшылыкты белгилөө каадасы күндөн – күнгө өзгөрүп, бир чети оңойлоштурулса, бир жагынан оорлошуп да бара жатат. А бирок “заманың бөрү болсо, бөрү бол” деген кептин чындыгы бар бейм, элден көргөндү эп кылып ар ким өз мааракесинде колдонуп жатышат. Дал ошондой…

Тойдогу өзгөчө баштыктар…

Тойго чакыруу келди дегенде эле баштык – үштүгүбүздү камдап алып жөнөп калабыз. А бирок “баягы эле окшош тойлордун бири болот да” деген ой ар бирибизге келсе керек. Жипке тизгенсип айырмасыз окшош өткөн тойлордон өзгөчөлөнткүңүз келсе бул рубрика сиз үчүн. Той өткөрүүдөн дагы дасторконду жайнатуу жана аны кайра жыйнап кетүү боюнча…

Эки жаштын дос-тууганын айырмалаш үчүн жаңы ыкма

Билбегенди билген жакшы, Ишти туура кылган жакшы – дейт, достор. Дегеним,  той учурунда дос туугандын көптүгүнөн  бири бирин тааныбай ар кандай ыңгайсыз учурлар жаралбай койбойт. Меселен,  эки жаштын үйлөнүү тоюнда кеминде 300 адам чогулат. Билсеңиз, эки тарап бири бири менен таанышып “сиз кимсиз, биз кимбиз?” болуп жатып бир топ убакыт…

Өз тоюңа – өзүң тамада

      Мына, бүгүн эртең үй бүлө курам деп турган жаштар жана алардын ата энелери, бүгүнкү рубрика дал сиздерге арналат. Чакыруу келсе томпоңдоп тойго жүгүргөн жан болсоңуз үйлөнүү тойдун жүрүшүн жатка билсеңиз керек. Тамаданын саламы, жар жарчы коштогон эки жаштын кириши, тууган уруктун каалоо -тилеги, беш бармак андан кийин…

Эки жаштын ордунда алардын ата-энелери…

Уул үйлөнтүп кыз алган, Укмуш каада – салтын ай. Учугун толуп узарган, Уулуу кыргыз калкым ай Толкуп жүрөк кубанткан, Тойуң сонун кыргыз ай демекчи калкыбызда бактылуу жашоонун башаты эл чогултуп, той берип ак бата алуудан башталат. А бул өнүгүп жаткан заманга жараша той өткөрүү өзгөчөлүктү талап кылат. Дал ошол жакшылыгыңызга…