Сүйүнчү! Самат Эркинбеков уулдуу болду

Сүйүнчү! Бүгүн 29-октябрда актёр, алып баруучу, вайнер Самат Эркинбеков уулдуу болду. Биз ага байланышканыбызда кубанычы койнуна батпай турганын айтты. «Уулумду көрүп алып, көзүмө жаш айланып жатат. Мага окшош экен. Ысым азырынча тандай элекпиз. Келинчегим Чолпондун абалы жакшы» — дейт. Белгилей кетсек, Самат Эркинбеков жубайы Чолпон менен 2015-жылы баш кошушкан. Ымыркайдын…

Ырчы Айдана Дека алгачкы жолу жар-жар айтты

Кыргыз эстрада ырчысы Айдана Дека алгачкы жолу жар-жар ырын ырдады. Ал бүгүн 22 — октябрда  жолдошу Аваз Акимовдун бир тууган иниси Барчынбектин үйлөнүү тоюнда жеңелик кызматты аркалап, эки жашты жандап кирди. Бул тууралуу ырчы өздүк баракчасына төмөнкүдөй ой бөлүшкөн: «Ата — бабаларыбыздын салтын улай улуулардын батасын алуу менен чоң жоопкерчилик…

Угарман сүйгөн ыр. «Аттиң ай» чыгармасынын жаралуу тарыхы

Тыңдоого жеңил, обону уккулуктуу, сөздөрү жөнөкөй. Мына ушундай таризде жазылган Нооруз Алымбаев жана Муселянын аткаруусундагы «Аттиң ай» чыгармасы учурда угармандар эң көп суранган ырлардын сап башына кошулду. Көп жылдык тыныгуудан кийин чыгармачылыкка кайткан Нооруз мырзадан ырдын жаралуу тарыхын сурап көрдүк.   «Аттиң ай» ырынын идеясы карантин убагында келди. Жанры треп…

Сүйүнчү! Ырчы Данияр Эрматов кыздуу болду

Бүгүн 10 — октябрь кыргыз эстрада ырчысы Данияр Эрматов кыздуу болду. Бул тууралуу ырчынын достору билдирди. Ырчынын жубайы Айсалкын Садыкова блогер катары инстаграмда таанымал жылдыз. Белгилей кетсек, жубайлар 2019-жылдын ноябрь айында баш кошушкан. Ымыркайдын боосу бекем, ден соолугу чың болсун! Ар бир үйдө наристе үнү жаңырып, укканбыз Сүйүнчү гана болсун!

Таттуу жана үлгүлүү түгөйлөрдүн үй — бүлөлүк сырлары

Бири калктын кадырлуу ырчысы, бири белгилүү блогер. Бул жылдыздуу түгөйлөрдү баары тааныйт, баары суктанат. “Отко киргизүү” программасынын бул жолку меймандары КРнын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков менен жубайы Мээрим Төлөпберген. Сүйүүгө толгон эфирден кызыктуу маекти сиздерге сунуштайбыз. Ушундай таттуу түгөйлөрдүн эң алгачкы таанышуусу, жолугушуусу тууралуу бардыгы билгиси келет. Ошол учурду…

Ырчы Төлөгөн Мамыров Кара — Сууга күйөө бала болду

Жубайыңа жумшаксың деп досторум, Сөз кылышат, мен ал сөздөн коркподум. Өз аялым, жумшак болсом эмне экен? Жумшак эмес, мерездиктен коркомун — деген ыр саптар  көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун таап, хит чыгармага айланган. Өзү үйлөнө элек болсо дагы жүрөккө жеткире аткарган ырчы жана обончу Төлөгөн Мамыров бул чыгарманы арнай турчу жарын тапты.…

Сүйүнчү! Назбек Кенчинбаев жана Нурайым Азыкбаева кырк жылкылуу болушту…

Бири кылк кыякта, бири комузда кол ойнотуп, жансыз аспапка жан киргизген таланттуу жана таттуу түгөйлөр Назбек Кенчинбаев менен Нурайым Азыкбаева бүгүн 23-сентябрда кыздуу болушту. Бул тууралуу белгилүү комузчу Назбек Кенчинбаев социалдык баракчасына сүйүнчүлөдү. Белгилей кетсек, жылдыздуу түгөйлөр 2016 — жылы баш кошушкан. Өнөрлүү үй бүлөдө төрөлгөн ымыркайдын боосу бекем, ден…

Ырчы Айар сахнадан кетти

«Карындашым», «Ардагым» аттуу ырлары менен таанылып, эл назарына алынган ырчы Айар акыркы кездери көрүнбөй кетти. Бир гана сахна же теледен эмес социалдык тармактардан да таппай калдык. Көрсө, ырчы жигит чыгармачылыкты биротоло жыйыштырып, сахнадан кеткен экен. Бул тууралуу анын сахналаш достору билдирди. Күйөрмандарынан кол үзгөн Айар интернеттеги жеке баракчаларын дагы өчүрүп…

Назира Жетигенова; «СҮЙҮҮ ТАПТЫМ, СҮЙҮНЧҮ!»

Куудул жана алып баруучу Назира Жетигенова жакында турмушка чыгарын айтып, жашоосундагы сүйүнүчтүү жаңылдыктары менен бөлүштү:  — Сүйүнүчтүү кабарларым бар. Чыгармачылыктагы жаңылыгым, белгилүү  телеканалдардын биринде “Назира шоу” деп аталган көңүл ачуучу программамды ачтым. Азыр ошол жакта иштеп жатам.  Ал эми жеке жашоомо  сүйүү келди. Өз сүйүктүүмө жолуктум, жакында турмушка чыгам. Бул…

«БИР УЧУРДА ҮНҮМДҮН НАЧАРДЫГЫНАН ОКУУ ЖАЙГА ӨТПӨЙ КАЛГАМ» Кыргыз эстрада ырчысы Минюра Рахимжанова менен маек

Өзүнүн өзгөчө үнү менен уккан жандын дароо эсинде калган таланттуу ырчы Минюра Рахимжанова «бир кезде үнүмдүн начардыгынан сынактан өтпөй калгам» — дейт. Ырчы айым «Бүгүн кечинде» шоу программасында конокто болуп, кызыктуу маек куруп берди. Бардык чыгармачыл адамдарга берилүүчү баналдуу суроо, бирок ошентсе да билгибиз келет. Чыгармачылыктабы же жеке жашоодобу, айтор…