“БИР УЧУРДА ҮНҮМДҮН НАЧАРДЫГЫНАН ОКУУ ЖАЙГА ӨТПӨЙ КАЛГАМ” Кыргыз эстрада ырчысы Минюра Рахимжанова менен маек

Өзүнүн өзгөчө үнү менен уккан жандын дароо эсинде калган таланттуу ырчы Минюра Рахимжанова “бир кезде үнүмдүн начардыгынан сынактан өтпөй калгам” – дейт. Ырчы айым “Бүгүн кечинде” шоу программасында конокто болуп, кызыктуу маек куруп берди.

Бардык чыгармачыл адамдарга берилүүчү баналдуу суроо, бирок ошентсе да билгибиз келет. Чыгармачылыктабы же жеке жашоодобу, айтор кандай жаңылыгыңыз бар?

Жеке жашоомдо эч кандай өзгөрүү жок. Өз теңимди али кезиктире элекмин. Ал эми чыгармачылыкка билек түрө киришкен убагым. Жакында эле “Шок кыз” деп аталган жаңы чыгарманы тартууладым. Ага улай эле сүйүү темасында жаңы ыр даярдап жатам. Буйруса, алдыңкы күндөрү күбө болосуздар. Андан тышкары жеке студиямда  вокалдан сабак берүү менен алекмин.

Чыгармачылыгыңыздагы тыныгуу эмнеден улам болду?

Жаңыланууну, жан дүйнөмө өзгөртүү киргизүүнү кааладым. Чет жерди көрүүнү, жогору карай өсүштү дегдеп бир жарым жылдан ашуун чет мамлекетте иштеп, жашап келдим. Бардык нерсеге көз карашым өзгөрдү, кичине болсо да өсүштөр болду. Өзүмдөгү коркунуч, тартыныч сезимдерим дагы жоголду.

Музыкалык билими жогору, бул жаатта  мугалим катары айтсаңыз бардык эле адам үнүн таптап, музыкалык билим алып окуса ырдап кетиши мүмкүнбү. Же табияттан таланты, үнү сөзсүз болушу керекпи?

Бир нерсе эсиме түштү. Мен айылдан жаңы мектепти бүтүп келип музыкалык окуу жайга тапшырганда сынактан өтпөй калгам. Себеби музыкалык угуу жөндөмүм таптакыр жок болгон. Каалоом күч болгондуктан ыйлап отуруп, экинчи мүмкүнчүлүктөгү сынактан өтүп кеткем. Бирок, окуп жүргөндө дагы тайпалаштарымдын арасында эң эле алсыз үндүү вокалист мен болгом. Бул да болсо сыноо болсо керек. Үйдө дагы даярданууга мүмкүнчүлүк жок болгондуктан окуу жайда түнү менен даярданып жүрүп ушул деңээлге жеттим. Ошондуктан талыкпас эмгек болсо максатка жетүүгө толук мүмкүн.

Музыкалык билим берүүчү жеке студияңыз тууралуу кеп салсаңыз.

Жеке студиямды иштетип жатканыма эки жылга чукулдап калды. Көп окуучулар тарбияланды. Бул курсту ачуудагы максатым өзүмдүн дайыма музыка менен алектенип жүрүүм үчүн болгон. Вокалдан сабак алууну каалаган бардык замандаштар келип билим алса болот.

Ырчынын чыгармачылыгына албан ийгиликтерди каалайбыз!