Сүйүнчүдө — Жора жана Гуля

Эртең 15-ноябрь саат 9:00 дө Сүйүнчү радиосунун «Боорсок шоу» таңкы программасында Жора, Гуля деген ат менен элдин купулуна толуп жаткан Самат Эркинбеков жана Кубаныч Курманбеков конок болушат. Түз байланыштан кызыккан суроолорунузга жооп алып, боорду эзген эфирдин күбөсү болуңуз. Байланыш номерлерди эске салабыз: 0701001976 0312530976  

Мелис Абдрашитов деген ысым эсиңиздеби?

2006-жылдан тартып өзгөчө стили менен кыргыз эстрадасында Мелис Абдрашитов деген ысым пайда болду эле. Башкалардан айырмаланып анда-санда ыр жаратып, клип тарттырса да эл көңүлүнө тез алынды. «Кара тору», «Жүрөгүмдөн» аттуу ырлары күйөрмандын купулуна толуп, хит ырлардын катарын толуктаган эле. Акыркы учурларда бул ырчынын сахна үстүнөн дээрлик көрбөй калдык. Анын себебин…

Сүйүнчү! Урмат Усеновдон жакшы жаңылык!

Ырчы Урмат Усенов маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул буйрукка өлкө башчы кол койгон. Ырчыга министридин кеңешчиси бол деген сунуш түшкөндө каршы болбогонун, Азамат Жаманкулов менен көз караштары бирдей болгону үчүн иштешүү оңой болорун айтты. Урмат Усенов дүйшөмбүдөн тарта расмий түрдө ишке кирише баштайт. Элдин…

А сиз бул тууралуу билчү белеңиз?

Дүйнө элдеринде биздин ойго келбеген, таң калтырчу салттар бар. Ошолордун ичнен кытайлыктардын кызды турмушка узатуудагы өзгөчө каадасын билип алыңыз. Кытай Эл Республикасынын аймагында жашаган туцзя элинин кыз-келиндерине тиешелүү салты көпчүлүктү таң калтырып келет. Турмушка чыгар алдында, тойго бир ай калганда колукту өмүрүндө ыйлап көрбөгөндөй үнүн бийик чыгарып ыйлаш керек. Антип…

Кыз Бурактын концертине бекер барууну каалайсызбы?

Кырк жылдык тарыхы бар Кыз Бурактын концертин көрүүнү самагандар абдан көп. А Сүйүнчү радиосунун угармандарында концертке бекер баруу мүмкүнчүлүгү бар. Дегенибиз, эртең мененки «Боорсок шоу» жана түшкү саат 13:00дө боло турган «Жайдары саат» программасындагы оюндарга катышып, жеңүүчү аталган угарманга эки кишилик чакыруу билети ыйгарылат. Өткөрүп жибербеңиз!

Сүйүнчүдө – сиз сүйгөн коноктор

  Сүйүнчү радиосунун угармандарына эң сонун жаңылык! 1-ноябрь саат 900 дө “Боорсок шоу” программасынын төрүндө КРнын Эл артисти, легендарлуу Кыз Бурак тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова менен эстрада ырчысы Сайкал Садыбакасова болот. 60 мүнөткө созулган кызыктуу маек, жагымдуу ырлар, жайдары маанай менен таңды баштап беришет. Сиз дагы бул катарга кошулуп кызыккан…

Сүйүнчү! Кыргызстанга жеңиш жакындады!

  Кыргыздын дагы бир сыймыктуу кызы Айпери Медет кызы жеңишке жетишти. Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы чейрек финалда атаандашын жеңип, жарым финалга чыкты. Ал  76кг салмакта канадалык Гресилин Дуган менен беттешип, күрөштүн биринчи бөлүгүндө атаандашын 10:0 эсебинде уткан. Ал эми жарым…

Ырчылыктан мугалимдикке өткөн – Кумар Асанов

Кезинде аскердик формачан “Кыргызстан” деп обон созгон Кумар Асанов аттуу ысымды унута элек чыгарсыз. Дал ошол арыкчырай жаш жигитти күйөрмандар сахна үстүнөн көрбөй калганына көп болду. Анын ырдаган ыры убагында мамлекеттик иш чаралардын гимнине айланган эле. Өспүрүм экенине карабай эл көңүлүнө алынган Кумар Асанов учурда эмне менен алек болуп жүрөт…

Кыргыз комузун америкалыктар үйрөнүүдө

Сүйүнчү радиосу угармандарды ар аптанын жума күндөрү “Боорсок шоу” таңкы программасынын алкагында элдин сүймөнчүктүү инсандарын конокко чакырып сүйүнтүп турат. Бүгүнкү төрүбүздүн мейманы белгилүү ырчы жана обончу, КРнын Эмгек сиңирген артисти, Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси Сыймык Бейшекеев болду. Угармандарды кызыктырган суроолорго жооп берип, жандуу үн менен обон созуп эфирди көркүнө…

Кремлде концерт аншлаг менен өттү

Кыргыздын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын обондору Кремлде жаңырды. Кечээ 23-октябрда үч ай бою даярдык көрүлгөн көптөн күткөн кыргыз ырчысынын концертине чет жердеги күйөрмандар күбө болушту. Алты миң орундуу сарайдын дээрлик бардык орундуктарында көрүүчүлөр болуп, ырчыны жан дили менен коштоп отурушту. Кадырлуу конок катары Россиянын Думасынын жана Жогорку Кеңештин депуттатары…