Ак жол, сага бүтүрүүчү!

Урматтуу бүтүрүүчүлөр, Сүйүнчү радиосунун жайдары командасы сиздерге кең келечек, өрнөктүү өмүр жана бекем ден соолук каалайт.

Адатта дал ушул күнү өлкөбүздөгү ар бир мектепте акыркы коңгуроонун үнү жаңырар эле. Кыргызстандагы жүз алтымыш миңден ашуун бүтүрүүчү, ошондой эле мектепти мындан 10, 20, 30 жыл мурун аяктаган классташтар үчүн  Сүйүнчү радиосу 25-30-майга чейин радио жумалыгын жарыялайт. Алтын уям, балалыктын айылына барбай калдым дебеңиз. Сүйүнчү менен бул жылдын мааракеси өзгөчө өтөт. Ал эми  30 – май күнү жылдыздар менен биргеликте боло турган “Сагынган мектебим” программасын өткөрүп албаңыз.

Акыркы коңгуроонун алтын үнү – Сүйүнчүдө жаңырат!

Байланыш номерлер: 0312 530 976                                                                   0701 001 976