А сиз бул тууралуу билчү белеңиз?

Дүйнө элдеринде биздин ойго келбеген, таң калтырчу салттар бар. Ошолордун ичнен кытайлыктардын кызды турмушка узатуудагы өзгөчө каадасын билип алыңыз.

Кытай Эл Республикасынын аймагында жашаган туцзя элинин кыз-келиндерине тиешелүү салты көпчүлүктү таң калтырып келет. Турмушка чыгар алдында, тойго бир ай калганда колукту өмүрүндө ыйлап көрбөгөндөй үнүн бийик чыгарып ыйлаш керек. Антип гана тим болбостон соороткондун ордуна апасы жана эже-синдилери да ага кошулуп ыйлашат. Көз жашын төгүү менен кошо атайын ылайыкталган ырлдарды да ырдашат. Бул салтка кыздарды кичинекей кезинен бери үйрөтүшөт.Бул кааданын маңызында канчалык көп көз жаш тогулсо, ошончолук бактылуу өмүр сүрөт деген философиясык ишеним камтылат.