А бул күндөргө тойду белгилеген той ээлери кантип жатат дейсиз?

          Элибизде “Таш жааса той уланат” деген сөздүн аныгына дагы бир жолу ынанып жатам, достор. Өлкөбүздө болуп жаткан кырдаалдан улам той-мааракелердин өтүшүнө тыюу салганы баарыбызга маалым. Ушул убактарда баш кошууну паландап жүргөн жаштар, тоюуна камылганы көрүп эл чакырып койгон той ээлери кантип жатат деген ой сизде да жаралса керек. А бирок бул жагдайдан чыгуунун эң сонун жолун ойлоп тапкан замандаштарыбыз дагы бар.

Көрсө, эл чогултуп той өткөрүүдөн дагы башка пайдалуу, чыгашасыз сунуш бар экен. Эгер сиз дагы жакын арада жакшылыгынызды белгилеп же үйлөнүү тойду пландап когон болсонуз эч кам санабаныз. Маселен, жакында эки жаштын үйлөнүү тоюна кете турган каражатты куда-кудагыйлар келишип ортого чыгарып, андан сырткары келе турган меймандар кошумчасын берип келин уулга батир же унаа алып берип жаткан фактылар катталды. Буга күбө болгондор меймандардын тойго келбегени эле болбосо пайдалуу жагы көп болду деп айтышат. Чынында үйлөнүү тойдо 300 адам үчүн чакыруу билети, залдын жасалгасы, тойкана баш болуп кошумча, кийит-кечени   эске албаганда 10-15минге чейин АКШ доллары керектелет. Мынакей суйуктуу угарман кыргызымдын жакшылыгын белгилеп, кубанычына ортоктош болуу учун эч нерсе тоскоол болбойт. Башкысы пайдалуу жана эсте кала тургандай ишти жасоо ар бирибиздин колубузда. Мына ушул жана башка тойдогу жаңычылдыктар менен  иш күндөрү саат 1030 жана 1730 да калтырбай тыңдаңыз.