9-октябрь, жылдыздардын сизге берген кеңеши

Кой — Жылдыздар бүгүн сизге бир гана сөздү айтат. Эс алыңыз.

Букачар — Жума күн —  мүмкүнчүлүктөргө бай, болгону сиз аларды таап, колдоно билиңиз.

Эгиздер — Коркунуч, тоскоолдуктарга көз жумуп, келечекке ишенимдүү кадам таштаңыз.

Бөйөн — Четте карап отура бербестен, жаны күндүн барагын унутулгус ирмемдерге толтуруңуз.

Арстан — Сиз азыр бир нече маселени ойлонуп жатккан чагыңыз, баарын үйө бербей, бирөөсүнө гана көңүл буруп, ийгилик жаратыңыз.

Бийкеч — Жалкоолук дегенди унутуңуз. Бугун ишиңизге баш отуңуз менен кирип, тытынып иштей турган күн.

Тараза — Жаңы бурулуштарга даяр болуңуз, баары жакшылыкка.

Чаян — Жумуш, башка күнүмдүк иштер. Аларды унутуңуз, күндү толугу менен өзүңүзгө арнаңыз.

Жаачы — Сиздин дүйнөнү багындыра турчу күчүңүз бар. Туура колдонсоңуз, ийгилик жаратуучу сиз болосуз.

Текечер  — Көңүл чордонунда бугун сиз болосуз. Мактоо, комплименттерди кабыл алууга даяр болуңуз.

Суупери — Бүгүн сизден болгону сабырдуулук талап кылынат.

Балыктар — Жашоо кызыктуу, жашоо сонун! Болгону аны көрө билишиңиз керек.