ЖАЙДАРЫ ЖАША!

8-сентябрь, жылдыздар сизге кеңеш айтат…

КОЙ: Өзүңүзгө жакканын талап кылганды үйрөнүңүз, тартынбаңыз.

БУКАЧАР: Бүгүн башкалар ойлонсун , башкалар иштесин. Сиз мээни сергитип, куздун салкын күнүндө сейилдеп да келсеңиз болот.

ЭГИЗДЕР: Кызыктуу, күтүлбөгөн окуяларга туш болосуз, сюрприздерге бай күн күтөт сизди.

БӨЙӨН: Иш аптанын экинчи эле күнүндө баш отуңуз менен иш дей бербей, тыным да алып туруу сунушталат.

АРСТАН: Сиз көңүл чордонундасыз! Баары сиз каалагандай!

БИЙКЕЧ: Эргүүгө бай күн, жумушуңуз илгерилейт. Күчтөнүңүз.

ТАРАЗА: Өзүңүзгө болгон сын көз карашты ары таштап, мактап, кылып жаткан аракеттериңизди баалаганды да билиңиз.

ЧАЯН: Бул күндүн эн башкы темасы – өзгөрүү! Жашооңуздагы жаңыланууларга даяр болуңуз!

ЖААЧЫ: Көк беттенип , меники туура дей бербей, айтылган сынга да көңүл буруп койгонуңуз оң.

ТЕКЕЧЕР: Күндүн көңүлдүү өтүшүнө түздөн – түз сиздин жакындарыңыз таасирин тийгизет.

СУУПЕРИ: Өзүнөн – өзү эле ийгилик келип калат десеңиз жаңылышасыз, сиз тараптан аракет керек.

БАЛЫКТАР: Жашооңузда болуп жаткан ар бир көрүнүш бир гана жакшылыкка! Көп ойлоно берүнүн кажети жок.