7-октябрга карата жылдыз төлгө

Кой — Бүгүн сизди жеке жашоодон башка эч нерсе кызыктырбашы керек! Калган иштер күтө турат.

Букачар — Көк беттигиңиз менен ийгилик жаратууга көзүңүз жетип турса, анда чамдаңыз.

Эгиздер — Толгон токой ишти моюнуңузга илбей, алыңыз келишинче иш алып барыңыз.

Бөйөн — «Башкалар сүйлөй берет да»-деген ой сизге бүгүн жарашат. Эң башкысы өзүңүз кыялдарыңызга ишениңиз.

Арстан — Кимдир бирөө сизге кеңеш айтса, каршылык көрсөтпөй кулак төшөп койгонунуз туура болот.

Бийкеч — Жалгыздыкка жол бербеңиз, жакындар менен тыгыз байланышта болуп, сырдашууга сонун күн.

Тараза — Заматта эле ийгилик жаралышын каалайсызбы? Бүгүн ал мүмкүн.

Чаян — Самаганыңызга жетүү үчүн – каалоолорду ачык айтуу керек.

Жаачы — Ойгонуңуздар, жаачылар. Бул күн сизден активдүүлүктү талап кылат.

Текечер — Шашкан кимдин иши экенин жакшы билесиз, бүгүн кылдаттык сизден талап кылынат.

Суупери — Өзүңөрдү жагымдуу компания менен курчаңыздар. Бүгүн  жакындар менен чер жазуу күнү.

Балыктар — Болгон күчүңүздү сөзгө эмес, ишке жумшаңыз. Ошондо каалагандай жыйынтык ала аласыз.