Кой-“татаалдаштырба”! Бул-бүгүнкү күндүн эң башкы эрежеси. Каалашынча кыялданыңыз.
Букачар-Сезимдерди ачык айтыңыз. Анын эмнеси бар экен.
Эгиздер-Ички туюмуңуз менен такыр талашпаңыз, ал жакшыраак билет, сезет. Ишенип эле койсоңуз.
Бөйөн-Агымга каршы сүзүү-ушул ыкманы колдонуңуз.
Арстан-Гениалдуу идеяларды ата салыңызчы! Бүгүн мактоо угасыз, сынга орун жок.
Бийкеч-Жылдыздар кыйынчылыктарга моюн сунууга тыюу салат. Өзүңүздүн оюңузду билдирип, аягына чыгарыңыз.
Тараза-Четте эле карап отуруудан пайда жок. Демилгечи болуңуз.
Чаян-Жалгыздыкка орун жок. Жүрөк жылыткан, жанга жакын адамдар менен жолугуп, чер жазууга сонун күн.
Жаачы-Сиз бүгүн күндүн баатырысыз! Жардам сурагандарга сөзсүз кол сунуңуз.
Текечер-Өзүңүздү эркелетиңиз. Сиз жана сиздин каалоолоруңуз. Башканын кереги жок.
Суупери- Максатыңызга болгону бир кадам калды, күчтөнүү керек.
Балыктар-Тартип! Тартип жана дагы бир жолу тартип! Бул күндү пландап алуу сунушталат.