Кой-Бүгүнкү күндүн башкы эрежеси-кыбыраган кыр ашат.
Букачар-Жумуш го күтө турат, ал эми жакындарыңыз сиздин көңүлүңүзгө муктаж.
Эгиздер-Күндү өзүңүзгө арнаңыз. Бир күн башкаларга көңүл бурбай койсоңуз, эч ким таарынбайт.
Бөйөн-План! План! Дагы бир жолу план! Бул күн сизден тартипти талап кылат. Кыла турчу иштериңизди ирээттеп алыңыз.
Арстан-Оюңузду билдирүүдө эч коркпоңуз. Ийгилик сиз тарапта!
Бийкеч-Чечкиндүү болуңуз. Жылдыздардын айтымында бүгүн сизге эч ким жок дей албайт.
Тараза-Бири-бирине окшош күндөрдөн тажап жатсаңыз, учурду кзыктуу кылып алуу сиздин колуңузда.
Чаян-Бүгүн башкалар иштесин, башкалар ойлонсун, сизге эс алууга болот.
Жаачы-Күндүн урааны-кечээкиден да мыкты! Өзүңүздү чектебеңиз. Ийгиликтер али алдыда.
Текечер-Кичинекей тоскоолдуктарга да көңүл бура бербей, алдыга умтула бериңиз.
Суупери-Эртелетип эч нерсе пландабай эле коюңуз. Күнүңуз жагымдуу учурларга бай болот.
Балыктар-Сиздин эркиңиз, күчүңүз баарына жетет. Болгону өзүңүзгө ишенсеңизчи.