ЖАЙДАРЫ ЖАША!

11 – сентябрь, жылдыздар эмне дейт?

КОЙ: Колуңуздан баары келерине ишенип коюңуз. Бийик максаттарды самаңыз.

БУКАЧАР: Өзүңүздүн күчүңүз, мүмкүнчүлүктөрүңүзгө гана ишениңиз. Эч ким сизге эч нерсе кылып бербейт.

ЭГИЗДЕР: Бүгүн сизге бир эле тапшырма. Эс алыңыз.

БӨЙӨН: Сөз талаша бербей, кээде жөн эле “ооба, макул, сеники туура”- деп айтканды үйрөнүңүз.

АРСТАН: Эртең эмес, бүгүнтөн баштап максатыңызга карай кадам жасаңыз.

БИЙКЕЧ: Жашоом өзүнөн өзү эле өзгөрүп кетет десеңиз, жаңылышасыз. Баардыгы өзүңүздөн көз каранды.

ТАРАЗА: Бүгүнкү иш күндүн соңунда сюрприздер күтөт сизди.

ЧАЯН: Тартынып четте отурууга бүгүн болбойт, жылдызыңыз жаныш керек.

ЖААЧЫ: Жакын досторду чогултуп алып, сырдашууга убакыт келди.

ТЕКЕЧЕР: Шаң шөөкөт жаратуучу бүгүн сизсиз.

СУУПЕРИ: Агымга каршы сүзүүнүн кереги жок. Баары ойдогудай, кам санабаңыз.

БАЛЫКТАР:Тоого чыгып кайра түшүп, айланып тегеренип жүрө берген болбойт. Чечкиндүү болуңуз.