ЖАЙДАРЫ ЖАША!

Өз тоюңа – өзүң тамада

      Мына, бүгүн эртең үй бүлө курам деп турган жаштар жана алардын ата энелери, бүгүнкү рубрика дал сиздерге арналат.

Чакыруу келсе томпоңдоп тойго жүгүргөн жан болсоңуз үйлөнүү тойдун жүрүшүн жатка билсеңиз керек. Тамаданын саламы, жар жарчы коштогон эки жаштын кириши, тууган уруктун каалоо -тилеги, беш бармак андан кийин “баштык операциясы”. Айтор жипке тизгенсип окшош өткөн тойлор акыркы учурларда элди шаабайын суутуп баратканы да калп эмес. Эми элестетип көрсөңуз. Сиз үйлөнүү тойго бардыныз. Президиумунда ак көйнөкчөн, кычырап костюм кийген жаштар жок. Элди “кол чапкыла эки жаш келе жатат, оруданардан тургула” –  деп соз баштаган тамада дагы коөрүнбөйт. Көбү башка тойго келип алдымбы деп ойлошу мумкун. Бирок андай эмес. Бул тойдун өзгөчөлүгү тойдун алып баруучулары үйлөнүп жаткан эки жаш өздөрү болушкан. Колдоруна микрофон кармап алган уул – келин келген меймандарды жакшы сөзү менен тосуп алып, тамадалык кызматты да кайын журтка келиндик жана күйөө баланын милдетин да мыкты аткарганга жетишип, элдин алкышына татыды. Бул учурда алар коноктор менен кошо ичип-жеп, аларга сый да көрсөтүп, бийлеп, чардаганга дагы жетишет. Андан тышкары бул ыкманын эң чоң артыкчылыгы тамадага төлөгөн каражат, келечекте түтүн булата турчу жаш үй бүлөнүн бир керегине жарап кетти. Чынында учурда той башкаруучунун эмгек акысы орто эсеп менен 200-800 АКШ долларына чейин акчаны чапчыйт. Мына эмесе угарман айла качып кутулбаган адамдан кандай гана идеялар чыга берет. Дал ошол жакшылыкка жакшы кеңешин берүүдөн тажабаган Тойчуман рубрикасын иш күндөрү 10:30 жана 17:30 да калтырбай тыңдаңыз.

Айтылган кенештер керегиңизге жарап, өзгөдөн өзгөчөлөнгөн тойдун ээси сиз болушуңузду каалайбыз.