Үлпөт той үчүн өзгөчө чакыруу барагын кантип даярдаса болот?

 

     Жакын арада үйлөнүү тойду пландап жүргөн замандашым болсоңуз бүгүнкү рубрика дал сиз үчүн арналат. Адатта үйлөнүү тойдун камылгасы чакыруу баракчасынан башталат эмеспи. Ошол жөпжөнөкөй эки барак кагаздын эле шаан – шөкөтү көп экенин башынан өткөндөр билсе керек. Канчалык кооз болсо да элдин көңүлүн анчалык бурдурбаганы да бар. А билесизби, оңой жана оригиналдуу чакыруу барагын кантип дярдаса болот.

Мурункудай жөн гана тойкананын дареги, эки жаш тууралуу төрт сап ыр жазылган эскиче чакыруу артта калды достор. Ошол эле чакыруу барагы менен бирге  эми той ээлери меймандарды видео аркылуу тойго чакырса болот. Алдын ала эки жаштан бардык меймандарга ылайык келе турган видео кайрылуу тартылып алынат. Ал эми чакыруу баракчага ал видеону кайдан, кантип көрүү керектиги тууралуу жол жобо жазылат. Видеону телефондон эле Play market же App store дон “Тhousand AR” тиркемесин көчүрүп, баракчада жазылган атайын код аркылуу көрө алат. Миң  уккандан бир көргөн артык деп сиздин видео кайрылууңуз үчүн деле тойдон баш тартпай келүүгө мажбур болушу мүмкүн. А бул сунуштун баасына кызыксаңыз, кагаздагы чакыруунун бир даанасы 7-150 сомго чейин болсо, видеону 2000-7000 сомго чейинки баада даярдашат. Ар ким өз каалоосуна жараша бааны тандай алат. Эске алуучу жагдай бардык чакыруу учун бир гана видео тартылат. Кадимки чакыруудан болжол менен 5000 сомдой гана чыгымды талап кылганы болбосо, эң өзгөчө жана эсте калаарлык болору талашсыз.

Мына ушул жана башка тойдогу жаңычылдыктар менен  иш күндөрү саат 1030 жана 1730 да калтырбай таанышыңыз.